09:34, 05 декабря 2022, 24.kg

«Манас» театры спектакль койду. Манасчыларга үй, унаа берилди

4-декабрь «Манас» күнүнө карата Кыргыз Улуттук «Манас» театры алгачкы жолу музыкалык аспаптардын коштоосунда «Айкөлдүн аманаты» аталышындагы драмалык спектаклин чоң сахнага алып чыкты. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Спектакль Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрынын сахнасында көрүүчүлөргө тартууланган.

Ал  КР Эл артисти Табылды Актановго таандык.

Сахна оюнунан кийин иш-чарага келген бийлик өкүлдөрү сөз сүйлөшүп, өнөр адамдары сыйланган.

Ошондой эле,  жеке демөөрчү тарабынан бир катар манасчыларга 2 бөлмөлүү үйдүн документтери тапшырылганы кабарланды.

Иш- чаранын аягында Улуттук «Манас» театрына «Түрксой» эл аралык уюму тарабынан жеңил автоунаа белекке берилген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18