15:46, 02 декабря 2022, 24.kg

Кара-Балтада белгисиз бирөөлөр зергерди атып кетти

1-декабрда саат 7:48де Кара-Балта шаарындагы "Батыш" деп аталган аймакта башына ок жеген белгисиз адамдын сөөгү жатканы тууралуу маалымат Жайыл райондук милициясына түшкөн.

Райондук ички иштер бөлүмүнүн (РИИБ) кызматкерлери окуя болгон жерге барып, маркум 48 жаштагы Х. И. аттуу жаран экенин аныкташкан.

Бул факт Жайыл РИИБүндө Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен катталып, кылмыш иши козголгон. Учурда иш боюнча керектүү экспертизалар дайындалып, ыкчам-иликтөө иш чаралары жүргүзүлүүдө.

Бул окуяга күбө болгондор социалдык тармакка жазышкандай, маркум алтындан зер буюмдарын жасап саткан ишкер болгон. 1-декабрда таң эрте белгисиз бирөөлөр анын автоунаасын торой токтотуп, башына атып кетишкени айтылууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18