09:40, 02 декабря 2022, 24.kg

Өзбекстанда ноябрда баалардын жылдык өсүшү 12 пайызга жетти

Ноябрда Өзбекстанда керектөө секторунда товарлардын жана кызматтардын баасы орто эсеп менен 1,3% жогорулады. Бул тууралуу республиканын Мамлекеттик статистика комитети билдирди.

Ведомствонун маалыматына караганда, керектөө бааларынын индексинин өсүү ыргагы 12,3 пайызга жетти.

Ноябрда эң эле көп азык-түлүк товарлары кымбаттады, бир ай аралыгында орто эсеп менен баа 2% жогорулады.

Ушул эле убакыт аралыгында тамак-аштан башка товарлар 0,9%, калкка кызмат көрсөтүү баасы 0,8% өстү.

Жергиликтүү басылмалар билдиргендей, Өзбекстан өкмөтү 2022-жылы инфляциянын деңгээлин 9% жана кийинки жылдары 5% төмөндөтүүгө ниеттенүүдө.

Расмий статистикага караганда, Өзбекстанда инфляция 2017-жылы 14,4%, 2018-жылы 14,3%, 2019-жылы 15,2% жана 2020-жылы 11,1% түзгөн.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18