14:02, 01 декабря 2022, 24.kg

УКМК: «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү мыйзамсыз жумушка алынган

УКМК «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрүн жасалма документтерди колдонууга айыптоодо.

Маалыматка караганда, Адахан Мадумаровдун жардамчылары Айпери Кулмурзаева, Айгерим Алибаева жана Муратбек уулу Азамат Жогорку Кеңешке ишке орношууда эмгек китепчелеринде жалган маалыматтарды көрсөткөн.

УКМК аларга каршы кылмыш ишин козгоп, тергөө амалдарын жүргүзгөн.

Жыйынтыгында кылмыш иши боюнча айыпталуучулар 379-берененин 2-бөлүмү (Атайылап жасалма документти колдонуу) боюнча кылмыш жасаган деп айыпталган. Айгерим Алибаева менен Азамат Муратбек уулу жасалма документтерди мойнуна алып, өз каалоолору менен ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу арызын жазышкан.

Ал эми Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Айпери Кулмурзаева ээлеген кызматынан бошотулду.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18