13:37, 30 ноября 2022, 24.kg

КР Эл артисти Жамал Сейдакматовага эстелик орнотулду

КР Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматованын эстелиги орнотулду. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Эстеликтин ачылышында Жамал Сейдакматованын «Кыргыз керемети» аталган кыргыз кинолорунда бир катар ролдорду зор чеберчилик менен аткарып, кыргыз кино жаатын өнүктүрүүгө кошкон салымы, бүтүндөй өмүрүн театрга арнаган өрнөктүү өмүрү эскерилди.

Photo 281071

Жамал Сейдакматова 1939-жылдын 21-сентябрында Ысык-Көл районунун Темир айылында туулган. Актрисанын таланты 1958-жылы тартылган «Алыскы тоолордо» көркөм тасмасында роль аткаруу менен кеңири таанылган. Ал өмүрүнүн акырына чейин улуу актриса катары талыкпай эмгек кылып келген.

Кыргыз сахнасында В. Шекспирдин «Азоого чалмада» Катарина, «Отеллодо» Дездемона, Ч. Айтматовдун «Кылым карытар бир күндө» Найман эне, Ж. Абдыкадыровдун «Олжобай менен Кишимжанда» Кишимжандын жана башка каармандардын образдарын мыкты жаратканы менен элдин эсинде калды.

Жамал Сейдакматова былтыр февраль айында 82 жашында дүйнө салган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18