16:11, 29 ноября 2022, 24.kg

Кургак учукка кабылган мугалим. № 33 мектептеги окуя боюнча текшерүү уланууда

Бишкектеги № 33 мектептин мугалиминен кургак учук аныкталды. Бул маалыматты саламаттыкты сактоо министрлигинен ырасташты.

Кургак учукка каршы күрөшүү борборунан кабарлашкандай, алдын ала текшерүү учурунда мугалимден бул илдет аныкталган. 15-ноябрда ал фтизиатрга каттоого алынып, амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, Бишкектин ооруларды алдын алуу жана санитардык көзөмөл борбору тарабынан эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүлдү. Анда, мугалим медициналык текшерүүдөн (рентгенден) өтпөй эле ишке алынганы белгилүү болгон. Кургак учук аныкталгандан кийин, мектеп дезинфекцияланып, мугалим менен байланышта болгон 163 бала медициналык кароодон өткөрүлүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18