14:19, 29 ноября 2022, 24.kg

Жапырт камоолор. Камактагылар туугандары менен жолуга албай жатышат

Бийликти күч менен басып алууга даярданган деп айыпталып, тергөө абагына камакка алынгандарга жакындары менен жолугушууга уруксат берилбей жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Наталья Никитенко 24.kg ге кабарлады.

Анын айтымында, камактагы Асия Сасыкбаеванын бир тууганы аны менен жолугушууга аракет кылып, 4-ноябрда тергөөчүгө кат жазган. Бирок, тергөөчү баш тарткан жоопту 25-ноябрда гана жөнөткөн.

Буга чейин жарандык активист Перизат Сурановага дагы апасы менен жолугушууга уруксат берилген эмес. Түшүндүрмөдө, Перизат Суранова өтө оор кылмышка шектелип жаткандыктан, анын энеси менен жолугушуусу кооптуу деп айтылган.

Учурда БШКнын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаеванын уулунун арызы каралууда.

Эскерте кетсек, 23-октябрда Кыргызстанда жапырт кармоолор башталып, массалык башаламан уюштурууга даярданган деп 26 киши камакка алынган.

Бир катар беделдүү эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин камактагыларды бошотууга чакырган билдирүүлөрдү жасаган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18