14:08, 29 ноября 2022, 24.kg

Үч эм төрөлдү. Ысымдары президент менен УКМК төрагасынын атынан коюлду

Бишкектеги эне жана баланы коргоо Улуттук борборуна караштуу төрөт үйүндө жарык дүйнөгө келген үч эмге Садыр, Камчыбек жана Ынтымак деген ат коюлду. Бул маалыматты төрөт үйүнүн бөлүм башчысы Айгүл Жайлообекова ырастады.

Анын айтымында, аял Ысык-Көл областынын тургуну. 41 жаштагы келин 25-ноябрь күнү операциялык жол менен көз жарган. Балдар 2,35 кг, 2,45 кг, 2,3 кг салмакта төрөлүшкөн.

«Учурда эне балдардын абалы туруктуу», — деди Айгүл Жайлообекова.

Бул үй-бүлөнүн үч эмден тышкары эки кыз, эки уулу бар.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18