18:22, 25 ноября 2022, 24.kg

Сөз эркиндигин колдогон акция аяктады

Бишкекте сөз эркиндигин колдоо максатында REАкция деп аталган жөө жүрүш М.Горький атындагы эс алуу багында жыйынтыкталды. Активисттер акыркы убактагы камоолорду, Болот Темировдун Кыргызстандан чыгарылышын айыптап, нааразычылыктарын билдиришти.

 Акцияга келгендер сөз эркиндиги үчүн күрөштү азыртадан баштабаса, эртең кеч болуп калат деп жатышты.

 Бүгүн Бишкекте темир жол бекетинен башталган жөө жүрүш М.Горький эс алуу багында аяктады. Уюштуруучулар филармонияны көздөй барууну пландаган. Бирок, орто жолдон милиция кызматкерлери токтотуп, эс алуу багынан башка жерге тынч митингин өткөрүүгө сот тарабынан тыюу салынганын эскертишти. Жөө жүрүштүн катышуучулары багытты өзгөртүшкөн.

 23-ноябрь күнү Бишкек шаардык соту иликтөөчү журналист Болот Темировду Кыргызстандан чыгаруу чечимин кабыл алган. Ал ошол замат аэропортко жеткирилип, Россияга жөнөтүлгөн.  Анын алдында көптөгөн оппозициялык саясатчылар, активисттер камакка алынган. Бир катар эл аралык уюмдар буга кабатырлыгын билдирген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18