17:45, 25 ноября 2022, 24.kg

Москвада 50 жаштагы Кыргызстандык айдоочунун өлүмүнүн чоо-жайы белгилүү болду

50 жаштагы кыргызстандык айдоочу болуп иштеп жүргөн жарандын өлүмүнүн чоо-жайы такталды. Иликтөө ишинин айрым бир деталдарын Москванын прокуратурасы билдирди.

Маалым болгондой, айыпталуучу 21-ноябрга караган түнү Ельнинская көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин короосунда токтоп турган таксинин жүргүнчү нүн арткы орундугунда отуруп, 50 жаштагы айдоочуга кол салып, анын билектерин желим менен байлап, сабап салган. Андан соң коопсуздук курун мойнуна салып, муунтуп өлтүргөн. Андан кийин айыпталуучу өлтүрүлгөн адамдын 5миң рубль акчасын жана банк картасын уурдап, кылмыш болгон жерден из жашырып кеткен",- деп айтылат маалыматта.

Сот мурда соттолгон 33 жаштагы шектүүгө карата 2023-жылдын 21-январына чейинки мөөнөттө камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын көрүүгө чечим чыгарган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18