11:56, 25 ноября 2022, 24.kg

Реформа. Ысык-Көлдө айыл аймактары ирилештирилет

Административдик-аймактык реформа Ысык-Көл облусунда башталганы турат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров элдик курултайда кабарлады.

Анын айтымында, административдик-аймактык реформаны жүргүзүү убактысы келди. Алгач эксперимент-пилоттук аймак катары Ысык-Көл облусунун Түп районун тандап алдык.

«Бул реформанын алкагында Түп районундагы 13 айыл аймагынын базасында ирилешкен 5 айыл аймагы түзүлмөкчү. Түп районунда жүргүзүлгөн реформанын жыйынтыгы ар тараптан изилденип чыккандан кийин натыйжасы эске алынып, келечекте толук кандуу административдик-аймактык реформа бүткүл республика боюнча ишке ашырылат», — деди президент.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18