13:05, 28 ноября 2022, 24.kg

Кабмин Конституциянын пенсиянын өлчөмү боюнча талабын аткара албайт

Министрлер кабинети Конституциянын 44-беренесинин пенсиянын өлчөмү боюнча талабын аткара албайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттарынын алдында төрага Акылбек Жапаров билдирди.

Депутат Дастан Бекешев министрлер кабинети пенсиянын өлчөмү боюнча Баш мыйзамдын талабын аткарууга даярбы деген суроо менен кайрылды.

«Конституцияга ылайык, 2023-жылдын 1-январынан баштап пенсиянын өлчөмү жашоо минимунан жогору болушу керек. Бул Баш мыйзамдын 44-беренеси. Бул Конституцияга миллиондон ашык жарандар добуш беришкен. Жаңы жылдан баштап пенсиянын өлчөмү канча болот?» — деп сурады депутат.

Акылбек Жапаров: «Министрлер кабинети Конституциянын бул пунктун аткара албайт». Мен башында бул норманы аткарууга болбойт деп айткам. Бизде 450 миң пенсионер айыл-чарба тармагында эмгектенген. Алар айына 10-20 сомдон гана төлөшчү», — деп жооп берди.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча жашоо минимуму 5600 сомду түзсө, минималдуу пенсия 2,5 миң өлчөмүндө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18