21:05, 23 ноября 2022, 24.kg

Болот Темиров Россияга жөнөтүлдү

Иликтөөчү журналист Болот Темиров Россияга кетчу учакка отургузулду. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттигине тартип сактоо органдарындагы жеке булактар кабарлашты.

Журналистти аэропортко күч тузүмдөрүнүн кызматкерлери коштоп алып барышкан. Айрым маалыматтарга караганда, Болот Темиров Бишкек — Москва багыты боюнча саат 20:00 до учкан самолетко отургузулган.

Бүгүн Бишкек шаардык соту Болот Темировду Кыргызстандан чыгаруу чечимин кабыл алган. Ошол замат журналистти залдан милиция кызматкерлери кармап кетишкен.

Болот Темировдун жакындары жана адвокаттары аны издеп жатканын айтышууда. Милиция аларга Темировду каякка алып кеткени боюнча эч кандай маалымат берген эмес.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18