16:40, 23 ноября 2022, 24.kg

Аткезчилик үчүн колдонулган 2 унаа мамлекетке өттү

Баткен райондук сотунун чечими менен эки автоунаа мамлекеттин эсебине конфискацияланды. Бул тууралуу маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы таратты.

Маалыматтарга караганда, 25-сентябрда жана 15-октябрда Баткен облусунда аткезчилик жолу менен жүк ташыгандар колго түшкөн.

Соттун чечими менен алардын «Тойота Превиа» жана «Хюндай Портер» үлгүсүндөгү унаалары мамлекеттин эсебине алынды.

Жакында эле күчүнө кирген мыйзамга ылайык, контрабандалык товар менен кармалгандардын унаалары конфискациялана баштады.

10 күн мурда Баткен райондук сотунун чечими менен аткезчилик жолу менен тамеки ташыган жарандын «Хонда-Фит» үлгүсүндөгү унаасы алынган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18