15:20, 23 ноября 2022, 24.kg

Болот Темиров Кыргызстандан чыгарылат

Бишкек шаардык соту журналист Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алды. 

Бүгүн соттук териштирүүдө прокурор соттук коллегиядан Темировду күнөөлүү деп таап, Кыргызстандын жараны болбогондуктан өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алууну суранган.

Болот Темировдун жактоочулары Свердлов райондук сотунун өкүмүн өзгөртүп, кылмыштын курамы жок болгондуктан толугу менен актоону суранышкан.  

Соттун чечими угузулган соң, Болот Темировду сот залынан күч менен чыгарып кетишти.

Эскерте кетсек, сентябрда Свердлов райондук соту Болот Темировго «Баңгизат каражаттарын колдонуу жана сактоо», «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренелери боюнча коюлган айыптарды четке кагып, аны актаган. Ал эми, документтерди жасалмалоо боюнча айыптуу деп таап, бирок эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жаза берилген эмес. 

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18