09:53, 23 ноября 2022, 24.kg

Журналист президент жана УКМК төрагасы менен соттошууга белсенүүдө

Болот Темиров Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди «жалган жалаа жапты» деп сотко берерин жарыялады. Бул тууралуу видеокайрылуусун YouTube-каналына жайгаштырды.

Анын айтымында, президент менен УКМК төрагасынын Болот Темировдун аскердик билети жасалма деп айтканы — калп жана жалган жалаа.

«Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевден бул билдирүүлөрүн төгүнгө чыгарууну талап кылуу — менин укугум», — деди Болот Темиров.

Журналист бул маселе боюнча доо арызы сотко кабыл алынбаганын кошумчалаган. Бирок ал арыз кабыл алынмайынча жолдоно берерин билдирди.

Эскерте кетсек, сентябрда Свердлов райондук соту Болот Темировго «Баңгизат каражаттарын колдонуу жана сактоо», «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренелери боюнча коюлган айыптарды четке кагып, аны актаган. Ал эми, документтерди жасалмалоо боюнча айыптуу деп таап, бирок эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жаза берилген эмес. Болот Темиров документ жасабаганын айтып келет. Анын иши учурда Бишкек шаардык сотунун кароосунда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18