14:37, 22 ноября 2022, 24.kg

Дары-дармек менен камсыздоо департаментине жаңы жетекчи дайындалды

Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин жаңы директору болуп Айнура Абалиева дайындалды. Маалыматты 24.kg агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борборунан тастыктады.

Алардын айтымында Айнура Абалиева аталган башкармалыктын жамаатына тааныштырылган. Буга чейин ал дары-дармектерди экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

Мурдагы жетекчи Нурдин Кагаздиев кызматынан кетүү боюнча арыз жазганы маалым болду. Ал бул кызматка 2021-жылдын октябрында дайындалган.

Эске салсак, октябрь айында аталган башкармалыктын жана жеке компаниянын кызмат адамдарынын мыйзамсыз иш-аракеттеринин фактылары аныкталып департаменттин директорунун орун басары Б.К. жана бөлүм башчысы Т.И. кармалганы тууралуу УКМК билдирген. Аныкталгандай, чиновниктер мыйзамсыз түрдө кайра каттоодон жана сертификациядан өткөрүп, сапатсыз дары-дармектерди республикага алып келүүгө шарт түзүп беришкен.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18