10:06, 22 ноября 2022, 24.kg

Кыргызстанда бир жылда 250дөн ашык ала качуу фактысы катталды

25-ноябрдан тарта «Сезим» кризистик борбору зордук-зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүк баштайт. Анын максаты — аялдардын укуктарын коргоп, зордук-зомбулукту токтотууга коомчулукту чакыруу.

Борбор 2020-жылы аялдардын укугун коргогон бир катар мыйзамдар кабыл алынганы менен өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулук көбөйгөнүн белгилейт.

Ички иштер министрлигинин маалыматына таянсак, былтыр 604 сексуалдык зомбулук фактысы катталып, анын 53% «кылмыштын курамы жок» деген негизде кыскартылган. Никеге туруу максатында 254 ала качуу болуп, алардын 84% сотко жеткен эмес. Жалпысынан 10 миң 151 зомбулук болгону катталып, 9038 убактылуу коргоо ордери (8463 аял, 264 бала) берилген.

Быйыл беш айда 3988 үй-бүлөлүк зомбулук фактысынын бети ачылган. Милиция жылына 8-10 миң үй-бүлөлүк чыр-чатакты телефондон каттайт. Бишкектеги ооруканаларга айына үй-бүлөсүнөн запкы жеген 40-50 аял кайрылат.

«Сезим» кризистик борборуна жылына зомбулукка кабылган 1500 киши жардам сурап кайрылса, анын 93% аялдар.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18