17:29, 21 ноября 2022, 24.kg

Кытай-Кыргызстан темир жол жолун курууга 5 миллиард доллар сарпталат

Министерлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин профилдик комитетинин жыйынында Кыргызстанда эки эң ири долбоорду милдеттүү түрдө аягына чыгаруу зарылдыгын билдирди.

Анын бири — Камбар-Ата ГЭСинин курулушу.

Акылбек Жапаровдун айтымында, ГЭСтин курулушуна даярдык иштери эмки жылы аяктайт.

Экинчи ири долбоор — Кытай- Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу.

«Кытай апрель айында бизге тийиштүү документтерди берет. Курулуш 3-5 миллиард долларга бааланууда. Камбар-Ата ГЭСинин курулушуна дагы ушунча акча кетиши божомолдонууда», — деди ал.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18