16:08, 21 ноября 2022, 24.kg

Министрлер кабинетинин башчысы Бажы кызматын толугу менен таратууга даяр

Бүгүн Жогорку Кеңештин экономикалык, фискалдык саясат жана бюджет боюнча комитетинин жыйынында депутаттар «Республикалык бюджеттин 2022-жылдагы көрсөткүчү жана 2023-2024-жылдарга болгон болжолу жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулоодо.

Жыйынга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышууда.

Ал белгилегендей, министрлер кабинети жыл аягында президенттин тапшырмасын жана планды аткарбаган министрлер жана аткаминерлерди жумушунан алынмакчы. Бул тизменин ичинде Бажы кызматы да бар.

«Биз буга чейин төрт министрди жумушунан алдык. Дос-тууган деген нерсеге карабай, эч кимди аяган жокпуз. Эң чоң реформаларга даярданып жаткан убагыбыз. Бажы кызматы быйыл 2021-жылга салыштырмалуу 26 миллиард сомго көп чогултту. Башкармалыкка 50 миллиард сомго көбөйтүү планы берилген. 24 миллиард кемчиликтин — 7миллиарды Россиядагы кырдаалдан улам жетпей калса, калган 7 миллиард боюнча түшүндүрмөлөр бар», — дейт Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин башчысы Бажы кызматын толугу менен жоюп, жогорку окуу жайын аяктаган жаш адистерди кызматка алууга даяр экенин кошумчалады.

«Керек болсо мамлекет үчүн дегендерди да алабыз. Бул тууралуу Садыр Жапаровго билдирдим. Ал айтты: керек болсо бир күндө бажы кызматкерлердин баарын бошотуп, алардын ордуна окуу жайды бүтүргөндөрдү кызматка алабыз. Биз өзүбүз даярбыз. Системаны даярдоо керек», — дейт Акылбек Жапаров.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18