15:58, 21 ноября 2022, 24.kg

Армения Азербайжанды армян позицияларын аткылоого айыптады

Армениянын Коргоо министрлиги 20-ноябрь күнү саат 21:00дө Азербайжандын Куралдуу күчтөрүнүн бөлүгү ар түрдүу калибрдеги куралдардан армян-азербайжан чек арасынын чыгыш бөлүгүндөгү армян позициясына ок чыгарганын билдирди.

Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, армян тарапта жоготуу болгон жок.

Бүгүн 21-ноябрда ал жакта абал туруктуу.

Азербайжан тарап бул боюнча кандайдыр бир билдирүү жасай элек.

Акыркы күндөрү тараптар маал-маалы менен бири-бирин ок атууга айыптоодо. 17-ноябрда азербайжан тараптан атылган октон армян жоокери жаракат алган. Кийинчерээк Азербайжандын Коргоо министрлиги бул маалыматты караманча четке каккан.

 
 
Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18