13:02, 18 ноября 2022, 24.kg

Быйыл өлкөгө 1,5 миңден ашык айыл чарба техникалары алып келинген

Бажы жана Салык кызматтарынын маалыматы боюнча, 2022-жылдын 10 айында өлкөгө 1 миң 500 даанадан ашык ар түрдүү үлгүдөгү айыл чарба техникалары алып келинген. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйынында Айыл чарбасын механизациялоо, инновациялык технологиялар жана кооперациялоо департаментинин директорунун орун басары Жыргалбек Бардыбаев билдирди.

Анын айтымында, техниканын жалпы санынын өсүүсү лизинг долбоорлорунун ийгиликтүү ишке ашышы жана дыйкандардын түз сатып алууларынын натыйжасында болууда.

«Айыл субъекттерге жалпысынан 10 жыл ичинде 8 млрд 852,8 млн сомго 4 миң 645 даана ар кандай үлгүдөгү айыл чарба техникалары лизингге берилген. Ал эми 2022-жылдын 10 айынын жыйынтыгында 2 млрд 549,3 млн сомго 869 даана айыл чарба техникалары берилген. Анын ичинен 331и трактор, 29у комбайн, 373ү атайын техника жана 132си айыл чарба шаймандары», — дейт ал.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18