16:58, 17 ноября 2022, 24.kg

Жаратылыш ресурстар министрлиги жырткыч жаныбарлардын санын жөнгө салууда

Карышкырлардын калктуу конуштарга келүү фактылары көбөйгөндүгүнө байланыштуу 2022-жылдын 14-ноябрында Жаратылыш ресурстар министрлигинин аңчы адистери мергенчилер менен биргеликте Баткен облусунун Лейлек районунун аймагында жырткыч жаныбарлардын санын жөнгө салуу боюнча иш-чараларды өткөрүштү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, беш карышкыр жана бир чөө атылды.

Үстүбүздөгү жыл ичинде Лейлек районунун аймагынан 25 карышкыр, 12 бѳлтүрүк жана 13 чөө олжолонгон.

Белгилей кетсек, жыл сайын республика боюнча карышкырлардын жана чөөлөрдүн саны өсүп жапайы жана айыл чарба жаныбарларынын санынын өсүшүнө олуттуу терс таасирин тийгизип, жергиликтүү калкка зыян келтирүүдө.

Өкмөттүн 2016-жылдын 26-февралындагы № 89 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын аймагында карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу жана аларды олжолоо үчүн сыйлыктарды төлөп берүү боюнча иш-чараларды уюштуруу жөнүндө» жобого ылайык, жырткыч жаныбарларды атуу үчүн мамлекет тарабынан акчалай сыйлыктар каралган: карышкырдын бир башына — 6 миң сом, бир баш бѳлтүрүккѳ — 1500 сом жана чөөргө — 2000 сом.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18