10:02, 16 ноября 2022, 24.kg

Душанбе шаарында кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүү болду

14-ноябрда Тажикстандын борбору Душанбе шаарында кыргыз-тажик чек арасы боюнча өкмөттөр аралык делегациянын биргелешкен отуруму болду. Жыйынга Кыргызстандын улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын УКМКнын төрагасы Саймумин Ятимов катышты.

Натыйжада тиешелүү протоколго кол коюлду. Бул тууралуу Тажикстандын мамлекеттик «Ховар» агенттиги маалымдады. Кол коюлган документтердин мазмуну ачыкталган жок.

Маалыматка ылайык, жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өткөнү, өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйыны Кыргызстанда болору кабарланды.

Жолугушуу тууралуу Кыргызстандын расмий органдары маалымат бере элек.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 972 чакырымды түзөт. Анын 300 чакырымдан ашыгы тактала элек. Андан улам эки өлкө ортосунда утур-утур жаңжал чыгып келген. Акыркы 14-17-сентябрдагы жаңжал эң масштабдуу болуп, ондогон адамдын өмүрүн алды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18