10:08, 14 ноября 2022, 24.kg

ТИМ: Стамбулда жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

Стамбулдагы жардырууда жабыркагандардын арасында кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Жардыруу Таксим борбордук аянтына жакын жайгашкан эл жык жайгашкан аймакта, саат 16:20 чамасында болгон.

Окуя болгон жерге «Тез жардам» унаалары жана полиция кызматкерлери жетип барган.

Жардыруу болгон учур байкоочу камераларга да түшүп калган. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган билдирүү жасап, бул жардыруу террордук чабуул болушу ыктымал экендигин айтты.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18