10:00, 14 ноября 2022, 24.kg

Бишкекте милиция жапырт мушташкан чет элдиктерди кармады

Бишкек шаарынын Свердлов райондук милициясы бейбаштыкка шектелген чет элдиктерди кармады. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, Пакистан жараны арыз менен кайрылып, 11-ноябрда «Жеңиш» аянтында белгисиз кишилер коомдук тартипти бузуп, ага жана анын эки мекендешинин денесине залака келтиришкенин билдирген.

Милиция «Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду, шектүүлөр кармалды жана убактылуу камоо жайына киргизилди.

Буга чейин соцтармактарда Бишкектеги «Жеңиш» аянтында чет элдиктердин жапырт мушташы тартылган видео тараган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18