13:45, 11 ноября 2022, 24.kg

Кубанычбек Өмүралиев Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы болуп дайындалды

Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мамлекет башчыларынын чечими менен Кыргыз Республикасынын өкүлү — Кубанычбек Өмүралиев ТМУнун Башкы катчысы болуп дайындалды.

Тийиштүү чечим бүгүн Самарканд шаарында (Өзбекстан Республикасы) өтүп жаткан Уюмдун Саммитинин жүрүшүндө кабыл алынды.

Кубанычбек Өмүралиев буга чейин Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси жана Анкара шаарындагы резиденциясы менен бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Израилдеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматын ээлеген.

Уюмдун Башкы катчысы үч жылдык мөөнөткө шайланат. Буга чейин бул кызматты Х.Акынжы (Түркия), Р. Гасан (Азербайжан), Багдад Амреев (Казакстан) ээлеп келген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18