13:44, 11 ноября 2022, 24.kg

Кыргызстан чыр-чатактын баардык түрүн саясый тынчтык жолу менен чечүүнү көздөйт

«Учурда дүйнөдөгү туруксуз кырдаал менен катар, аймактык коопсуздук маселелери алдыңкы планга чыгууда», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн Самарканд шаарында (Өзбекстан Республикасы) өтүп жаткан Түрк мамлекеттер уюмуна катышуучу-өлкөлөрдүн лидерлеринин Саммитинин тогузунчу жыйынында сүйлөгөн сөзүндө.

Мамлекет башчысы бүгүнкү Самиттин темасы «Түрк цивилизациясынын жаңы доору — жалпы өнүгүү жана өркүндөөгө карай бирге» деп аталарын белгиледи.

«Соңку эки-үч жылда, жер жүзүндө эл аралык маанидеги ар түрдүү чакырыктар пайда болду.
Учурда дүйнөдөгү туруксуз кырдаал менен катар, аймактык коопсуздук маселелери алдыңкы планга чыгууда.

Албетте, тынчсызданууну жараткан мындай абал биздин өлкөлөрүбүздөн тыгыз кызматташууну, өз ара сый-урматты күчөтүүнү жана аракеттерибизди бириктирүүнү талап кылат.

Кыргыз Республикасы чыр-чатактын кандай гана түрү болбосун тынчтык жолу жана жана саясий-дипломатиялык ыкмалар менен гана чечүү зарылдыгы боюнча өзүнүн өзгөрүлбөс позициясын карманарын дагы бир жолу ырастайм», — деп сөзүн жыйынтыктады Президент Садыр Жапаров.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18