10:02, 11 ноября 2022, 24.kg

Казакстанда орусиялыктар үчүн ачылган тейлөө борборлору жабылды

Казакстанда Орусиядан келген мигранттарга кызмат көрсөтүү үчүн ачылган Калкты тейлөө борборлору 8-ноябрдан тарта ишин токтотту.

Мамлекеттик «Жарандар үчүн өкмөт» корпорациясынын маалыматына караганда, ошондой эле күчөтүлгөн тартипте иштеп жаткан Астанадагы Калкты тейлөө борбору да жабылды.

Мекеме мындай чечимин чет элдик жарандардын кызмат көрсөтүүгө суроо-талабынын азайышы менен түшүндүрдү.

Алматыдагы тейлөө борборунун ордуна ден соолукту чыңдоо комплексин ачуу пландалууда. Чет өлкөлүктөр эми Казакстанда каттоого туруп, идентификациялык номур алуу үчүн жергиликтүүлөрдү тейлеген борборлорго барса болот.

Орусияда сентябрда мобилизация жарыялангандан кийин көпчүлүк жарандары чет мамлекеттерге чыгып кеткен. Казакстандын шаарларында орусиялыктар кескин көбөйүп, санарип өнүктүрүү министри Багдат Мусин кошумча Калкты тейлөө борборлору ачылганын маалымдаган.

Мобилизациядан кийин Кыргызстан менен Өзбекстанга келген орусиялыктар да көбөйгөн.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18