10:19, 03 ноября 2022, 24.kg

Казакстанда активист Жанболат Мамай үй камагына чыкты

Казакстанда каттоодон өтпөгөн Демократиялык партиянын лидери Жанболат Мамай 2-ноябрда үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди Алматынын Бостандык райондук соту кабыл алды.

Быйыл февралдын аягында Январь окуяларында каза болгондордун элесине арналган митингге катышкандан кийин кармалган активистке«мыйзамсыз митинг уюштуруу», «маалымат каражаттарын колдонуу менен бийлик өкүлүнүн беделине шек келтирүү» жана «жалган маалымат таратуу» айыптары тагылган.

Жанболат Мамай бул айыптоолордун баарын четке кагып, козголгон иштин саясий мүдөөсү бар экенин айтууда.

Freedom House жана бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары Мамайды бошотууну талап кылып келишет.

Астанага август айында барган Европарламенттин депутаттары да казак бийлигин активисттерге, анын ичинде Мамайга карата куугунтукту токтотууга чакырышкан.

Активисттин иши боюнча кийинки сот отуруму 7-ноябрга белгиленди.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18