09:57, 31 октября 2022, 24.kg

Жыл башынан бери Өзбекстанга 320 миң орусиялык жаран кирген

Өзбекстандын Ички иштер министрлиги быйыл өлкөгө кирген орусиялыктардын санын жарыялады.

Өлкө ИИМинин маалыматына караганда, январдан сентябрга чейин Өзбекстанга 318 156 жаран кирген. Алардын көбү июль-сентябрь айларына туура келет.

Өзбекстанга кирген орусиялыктардын саны реалдуу түрдө мындан алда канча көп болушу мүмкүн. Себеби Орусияда аскердик мобилизация жарыялангандан кийин — октябрда да чет жактарга чыгып кеткен орусиялыктардын аягы тыйылган эмес.

Өзбекстандын Сатитистика комитетинин маалыматына караганда, Орусиядан келген туристтердин саны январь-сентябрда былтыркы жылдын жыйынтыгына салыштырмалуу 2,1 эсеге көбөйгөн.

Forbes басылмасы октябрдын башында Украинада согуш башталгандан бери 700 миңдей орусиялык өлкөсүнөн чыгып кеткенин маалымдаган. Орусия менен визасыз өлкөлөрдүн ичинен эң эле популярдуу багыт катары Грузия, Армения жана Казакстан аталган. Орусиянын азиялык бөлүгүнүн жашоочулары Өзбекстан менен Монголияга кеткени да айтылган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18