09:56, 31 октября 2022, 24.kg

Индияда асма көпүрө кыйрап, 60тан ашуун киши өлдү

Индиянын батышындагы Морви шаарындагы жүргүнчүлөр өткөн көпүрө кыйрап, бери дегенде эле 60 киши мерт болду. Мачху дарыясы аркылуу өткөн асма көпүрө 19 кылымдын аягында курулуп, былтыр ремонттон кийин кайра ачылган.

Ар кыл маалыматтар боюнча катастрофа учурунда андан 150дөн 400гө чейин киши өтүп бараткан.

Кырсык жекшемби, 30-октябрь күнү кечинде болгон. Көпүрө туристтик аттракцион катары белгилүү. Окуя болгон жерде куткаруучулар, аскер кызматкерлери, индия армиясы, авиация жана флот иштеп жатат.

Көпүрө андагы кишилердин салмагын көтөрө албай калганы айтылууда. ANI агенттиги өлгөндөрдүн көбү аялдар, балдар жана улгайган кишилер экенин билдирди.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18