13:47, 28 октября 2022, 24.kg

Астанада КМШнын өкмөт башчыларынын жолугушуусу өтүүдө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Астана шаарына (Казакстан Республикасы) жумушчу сапарынын алкагында Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жамааттык жолугушуусуна катышты. 

Жолугушууда биримдик алкагындагы ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Касым-Жомарт Токаевди Казакстан Республикасынын 2022-жылы КМШга төрагалык кылуусун ийгиликтүү жыйынтыкташы менен куттуктап, Кыргыз Республикасы уюмга төрагалык кылууну кабыл алууга даяр экендигин белгиледи.

«Кыргыз Республикасы үстүбүздөгү жылы казак тараптын КМШнын төрагасы катары ишин жогору баалайт. Кыргыз Республикасынын 2023-жылдагы төрагалыгы алкагында экология, климат темасы, транспорт, миграция саясаты тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле маданий-гуманитардык жана парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоо маселелери артыкчылыктуу милдеттер катары саналат», - деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18