14:45, 27 октября 2022, 24.kg

Жогорку Кеңеш аскердик милдет боюнча мыйзамды үчүнчү окууда карады

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Мыйзам долбоору укук колдонуу практикасын эске алуу менен офицердик курамдын аскердик кызматта болушунун чектүү курагын иретке келтирүү; аскер кызматчыларынын топтолгон профессионалдык билимин жана тажрыйбасын Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө жана башка аскердик түзүлүштөрүндө колдонуу максатында иштелип чыккан. Ушуга байланыштуу, офицердик курамдын аскердик кызматта болушунун чектүү курагын узартуу сунушталат.

Мындан тышкары, «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралды. Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.

Мыйзам долбоору менен аталган мыйзамга «КРнын Өкмөтү» деген сөздөрдү «КРнын Министрлер кабинети» деген сөздөргө, «КРнын Премьер-министри» деген сөздөрдү «КРнын Министрлер кабинетинин Төрагасы» деген сөздөргө алмаштыруу сунушталып жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18