13:48, 21 октября 2022, 24.kg

Кыргызстанда социалдык облигацияларды чыгаруу сунушталууда

 «Кыргыз Республикасындагы биринчи социалдык (гендердик) облигацияларды чыгаруу» темасындагы тегерек стол өттү. 

Тегерек столдун жүрүшүндө социалдык (гендердик) облигацияларды чыгарууда эмитент катары чыккан «Азия Банкы» жабык акционердик коомунун өкүлдөрү гендердик облигациялар долбоору өндүрүш, айыл чарба жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн кредиттерди берүү аркылуу ишкер аялдардын бизнесин өнүктүрүүгө, аялдардын жыргалчылыгын жана жашоосун жакшыртууга, гендердик теңсиздикти төмөндөтүүгө багытталгандыгын билдиришти. 

Аталган долбоордун социалдык багытын эске алуу менен Алмаз Исанов бул долбоорду колдоорун билдирип, бардык катышуучуларды жоопкерчиликтүү инвестор катары аны ишке ашырууга активдүү катышууга чакырды.

Кыргыз Республикасынын Экономикалык саясатты изилдөө институту тарабынан уюштурулган тегерек столдун ишине өнүктүрүү фонддорунун, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр катышты. 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18