09:09, 20 октября 2022, 24.kg

Кыргызстан Түркмөнстан менен Казакстандан электр жарыгын сатып алууда

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин 19-октябрдагы жыйынында Кыргызстан 2022-жылы 16,2 млрд. кВт/саат электр энергиясын керектей турганын билдирди.

Анын айтымында, өлкө ГЭСтерден 11 млрд. 500 млн. кВт/саат электр энергиясы, Бишкек Жылуулук электр борборунан (ЖЭБ) 2 млрд. электр жарыгы өндүрүлөт. Калган 3 млрд. кВт/саат электр энергиясы чет жактан импорттолот.

«9 айдын ичинде 9,3 млрд. кВт/саат электр энергиясы өндүрүлдү. Бул 1,4 млрд. кВт/саат электр энергиясына аз. Анткени сууну үнөмдөп атабыз. Импорт боюнча: Түркмөнстандан электр жарыгын алуу боюнча келишим түзүлгөн. Азыр 1 млрд. 800 млн. кВт/саат электр энергиясын алдык. Казакстандан да электр жарыгын алуу боюнча контракт түзүлгөн. Бул өлкөдөн 241 млн. кВт/саат электр энергиясын алдык. Мындан тышкары 2023-жылдын биринчи кварталында 600 млн. кВт/саат электр энергиясын алуу боюнча сүйлөшүү бар».

Бакыт Төрөбаев энергетика тармагындагы оңдоо иштеринин 95% бүткөнүн, 1-ноябрга чейин толук бүткөрүлөрүн билдирди. Ал мындан тышкары Кыргызстанда күз-кыш мезгилине карата 2 млн. 994 миң тонна көмүр керектелерин билдирди. Анын ичинен 1 млн. 237 миң тонна көмүр калк үчүн, бюджеттик мекемелерге 257 тонна, Бишкек ЖЭБине 1 млн. 500 миң тонна көмүр керек. ЖЭБде 253 миң тонна гана көмүр бар.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18