11:39, 19 октября 2022, 24.kg

Чынгыз Айдарбеков комитет башчылыгынан кетүүгө даяр экенин билдирди

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Чыңгыз Айдарбеков эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагалык ордун тапшырууга даярдыгын билдирди.

Ал Кемпир-Абад маселеси каралган комитеттин жыйыны регламенттин алкагында өткөнүн белгиледи.

«Кечээ менин баардык документтерди көргөнүмдү айтып чыгышты. Калп. Аны биринчи сектордун жетекчиси тактай алат. Протокол менен картаны депутаттар талап кылышкан. 10-октябрда бир документти, 11-октябрда экинчи документти алып келип беришти. Алардын баарын жакшылап окубай туруп эле кайтарып берүүбүздү талап кылышты», — дейт Чыңгыз Айдарбеков.

Депутат президент менен жолуккандыгын билдирди.

«Садыр Жапаров сүйлөшүүгө даярдыгына ынандым. Бирок чечим баары бир тарыхта калат. Биз баарыбыз өлкө үчүн күйөбүз. Кошоматчылар эртең саткындар болушу ыктымал», — деди ал.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18