11:21, 17 октября 2022, 24.kg

Токмоктогу мал базарда карыянын акчасын уурдагандар изделүүдө

Милиция Токмок шаарындагы мал базарда карыянын акчасын уурдагандарды издеп жатат. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган факт Токмок шаардык ички иштер бөлүмүндө катталып, териштирүү иштери башталды.

«Учурда жогоруда көрсөтүлгөн карыянын акчасын уурдаган кылмышкерлерди таап, мыйзам чегинде чара көрүү боюнча иштер жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда Токмок шаарындагы мал базарда 120 миң сом акчасын уурдатып, ыйлаган карыянын видеосу тараган. Видеодон базардагы кайдыгер эмес жарандар аксакалга 117 миң сом акча чогултуп беришкенин көрүүгө болот.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18