15:35, 14 октября 2022, 24.kg

Орусия менен Украина кезектеги жолу туткундарды алмашты

Орусия менен Украина 20дан туткундарын алмашты. Бул тууралуу украин президентинин кеңешчиси Андрей Ермак билдирди.

Анын айтымында, бошотулган украиналыктардын арасында 14 аскер кызматкери, аймактык коргонуу топторунун төрт мүчөсү, Улуттук гвардиянын бир жоокери жана деңиз күчтөрүнүн бир аскери бар.

Туткундардын бир бөлүгү оккупацияланган Донецк облусунда кармалып турса, башкалары Запорожье жана Херсон облустарынын аймагында болушкан.

Орусиянын Коргоо министрлиги бул алмашууну ырастап, бирок башка маалымат берген жок.

Тараптар акыркы жолу 11-октябрда туткундарды алмашканы кабарланган. Анда украин тарап 32 киши бошотулганын, ошондой эле израилдик Дмитрий Фиалканын сөөгүн алганын билдирген.

Буга чейин Орусия менен Украина 22-сентябрда ири алмашуу өткөрүшкөн. Анда Киев 215 кишини, анын ичинде «Азов» батальонунун жоокерлерин алып, ордуна орусиячыл саясатчы Виктор Медведчукту жана 55 аскер кызматкерин өткөрүп берген. Бул алмашууга Түркия ортомчу болгон.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18