10:10, 14 октября 2022, 24.kg

Тажикстан менен Кыргызстан чек араны дипломатиялык жол менен чечүүнү макулдашты

Тажикстан менен Кыргызстан чек араны саясый-дипломатиялык жол менен чечүүнү макулдашты. Бул тууралуу кечээ Астанада өткөн Рахмон, Путин жана Садыр Жапаровдун жолугушуусунан кийин кабарланды.
 
Бишкектин маалыматында, жолугушууда Садыр Жапаров кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында түзүлгөн кырдаалга кеңири токтолуп, кыргыз тарап талаштуу маселелерди тынчтык жолу жана саясий-дипломатиялык ыкмалар менен гана чечүү зарылчылыгы боюнча өзгөрүүсүз позицияны карманаарын баса белгилеп, тажик тараптын куралдуу агрессиясынын кесепеттери тууралуу эске салды.
 
«Президент ошондой эле Кыргызстан кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгын эки тарапка тең пайдалуу болгудай кылып тез арада калыптандырууга ынтызар экенин, бул туруктуулуктун жана ынак коңшулуктун кепили боло тургандыгын белгиледи», — дейт Садыр Жапаровдун маалымат кызматы.
 
Ал эми Эмомали Рахмондун маалымат кызматы, тараптар чек арадагы талаштарды саясый-дипломатиялык жол менен буга чейин кол коюлган келишимдердин алкагында чечүүнү макулдашканын белгилейт.
Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18