17:23, 12 октября 2022, 24.kg

Иштамберди кенинде газга уулануу себептерин иликтөөчү комиссия түзүлдү

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук кызматына Иштамберди кенинде жайгашкан Full Gold Mining компаниясынын алтын кен щахтасындагы көмүр кычкыл газы менен уулануунун себептерин талдап чыгууну тапшырды.

Окуянын келип чыгуу себептерин тыкыр иликтеп чыгуу үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүлдү.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине объектидеги коопсуздук техникасынын сакталышы жана аны камсыз кылуу боюнча көзөмөлдү күчөтүү тапшырылды. Мындан тышкары, ведомствого кен казуу иштерин жүргүзүүдө өнөр жай коопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптарды кыйшаюусуз сактоо боюнча чечимди министрлер кабинетинин жыйынына киргизүүсү тапшырылды.

Бакыт Төрөбаев каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы шахтадагы өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу иштери анын жеке көзөмөлүндө экенин билдирди.

Ошондой эле белгилей кетсмек, Full Gold Mining компаниясы курман болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөсүнө тийиштүү жардамды көрсөтөт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18