11:43, 10 октября 2022, 24.kg

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет

Үстүбүздөгү жылдын 11-12-октябрында Азербайжан президенти Ильхам Алиев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет. Бул тууралуу КР президентинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сапардын алкагында Садыр Жапаров Ильхам Алиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Өлкө лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле аны мындан ары өнүктүрүүнүн жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашат.

Сапардын жүрүшүндө Мамлекеттер аралык кеңештин биринчи жыйынын өткөрүү да пландалууда.

Мындан тышкары, алдыдагы мамлекеттик сапардын алкагында «Кыргызстан-Азербайжан достугу» сейил багынын, ошондой эле Гейдар Алиев жана Низами Гянджеви атындагы жалпы билим берүү мектептеринин ачылышы болот.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18