11:34, 10 октября 2022, 24.kg

Бишкекте сот аткаруучулары 2,9 миллион сомду ыйгарып алышкан

Бишкек шаарынын Октябрь районунун сот аткаруучулар кызматынын бөлүмүнүн кызмат адамдары тарабынан САКБнын банктагы депозиттик эсебинен 2 миллион 965 миң 800 сом акча каражаттары мыйзамсыз алынып, кызмат абалынан пайдалануу менен өзүнө ыйгарып алуу фактысы аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мыйзамдуу каражатты алуучуга өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси («Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу») менен кылмыш иши козголду.

Бүгүнкү күндө кылмышкерлерди мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке тартуу боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18