16:47, 07 октября 2022, 24.kg

Кыргыз-өзбек чек арасындагы «Достук» бекетине убактылуу чектөө киргизилди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы 7-октябрда кыргыз-өзбек чек арасындагы «Достук» өткөрмө бекетинде Кыргызстандын жарандарынын Өзбекстанга өтүүсүнө чектөөлөр киргизилгенин кабарлады. 

Чектөө аталган өткөрүү бекетиндеги капиталдык курулуштун аякташы жана андагы имараттын ремонтуна байланыштуу кирип жатканын аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Кыргызстандан чыгуу үчүн төрт паспорттук көзөмөл кабинасы иштеп жатат.

Ушул себептен «Достук-автодорожныйда» жарандардын жана автоунаалардын узун кезеги пайда болушу ыктымал экени белгиленген.

Чек ара кызматы жарандарды абалды түшүнүү менен кабыл алып, алдын ала пландап жолго чыгууга үндөдү.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18