13:25, 06 октября 2022, 24.kg

Санкт-Петербург шаарында кыргыз мигранттары ууланып ооруканага түштү

Россиянын Санкт-Петербург шаарында 27 кыргызстандык ууланып ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен тастыкташты.

Маалыматка ылайык, алар Лахта-Борборунда курулуш иштерин жүргүзүү үчүн келишкен. «Прайдекс» иш берүүчү компаниясы кыргызстандыктарды жатаканага жайгаштырып, үч маал тамак менен камсыздаган.

«Кыргызстандык жарандар Сергей Боткин атындагы Клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылган. Алдын ала маалымат боюнча, алардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Роспотребнадзор тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, суу жана тамак үлгүлөрү алынган», — деп белгилешти КР ТИМден.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18