14:45, 04 октября 2022, 24.kg

Сот 13 жаштагы кызды зордуктоого шек саналган адамды сегиз жылга кести

Бишкектин Биринчи май райондук соту 4-октябрда 13 жаштагы секелекти зордуктоого айыпталган төртүнчү адамга карата өкүм чыгарды. Ага ылайык, кылмышка шектүү сегиз жылга эркинен ажыратылды.

Судья ошондой эле айыпталуучуну жабыркаган тарапка моралдык кенемте катары 100 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирди.

Мамлекеттик айыптоочулар соттон айыпталуучуга тогуз жыл жаза сураган. Жабыркаган тараптын жактоочусу жазаны мүмкүн болушунча көп берүүнү өтүнгөн.

Секелектин зордукталышына байланыштуу сот жараяндары жабык өттү. Өкүм чыккаендан кийин айыпталуучу тараптын жактоочулары комментарий берген жок.

Бул кылмыш иштин алкагында жалпысынан төрт кишиге — эки милиция кызматкери жана эки жаранга айып тагылган.

30-августта Свердлов райондук соту экт милиция кызматкерин 15 жылга, мурда соттолгон бир адамды 10 жылга кескен.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18