14:40, 04 октября 2022, 24.kg

Акылбек Жапаров Бишкек ЖЭБинин жылыуулук мезгилине даярдыгын текшерди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров экономика тармактары менен калкты 2022-2023-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча кеңешме өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө ал Энергетика министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына министрдин милдетин аткаруучу Таалайбек Ибраевди тааныштырып, министрликтин алдында бир катар маанилүү милдеттер турганын белгиледи.

«Үстүбүздөгү жылы энергетика тармагын өнүктүрүүгө рекорддук 12 миллиард сом бөлүндү, башталган реформалар аягына чыгышы керек, бөлүштүрүүчү компаниялардын ишин карап чыгуу керек. Сандарды карасак, эбегейсиз өлчөмдөгү киловатт электр энергиясы кайда кетип жатканы азыркыга чейин белгисиз. Секирик жасаш керек, бул үчүн сиздеде бардык мүмкүнчүлүктөр бар», — деди Акылбек Жапаров.

Андан соң энергетикалык компаниялардын 2022-2023-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдыгы тууралуу маалымат берилди.

Ошондой эле, министрлер кабинетинин башчысы борбор калаанын ЖЭБине барды.

Объектини кароонун жүрүшүндө белгиленгендей, күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча иш-чаралардын планынын алкагында бекитилген бардык жумуштар толук көлөмдө жана өз мөөнөтүндө аткарылып, анын ичинде көмүрдүн белгиленген көлөмү менен камсыздоо, жабдуулардын кышында мүмкүн болгон жүктөмдөргө талаптагыдай даярдыгын камсыз кылуу иштери жүргүзүлүүдө.

Бишкек шаарындагы ЖЭБдин иши менен таанышуу учурунда Министрлер Кабинетинин башчысы ишкананын аймагында жайгашкан металл калдыктарына көңүл бурду.

«Бардык металлды иргеп, ЖЭБдин аймагын бошотуу керек, алар көмүрдү сактоого тоскоол болот да. ЖЭБди металл калдыктарын сактоочу жайга айландыруунун кереги жок. Тартипке келтиргиле», — деп сөзүн жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18