15:15, 03 октября 2022, 24.kg

Бишкектин тургуну «Твиттердеги» билдирүүсү үчүн бир жылга түрмөгө кесилди

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту калаанын В.Е. аттуу жашоочусун Twitter соцтармагындагы билдирүүсү үчүн каттал режимдеги түзөтүү колониясына бир жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу соттун маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, быйыл апрелде айыпталуучу мас абалында «кыргыз элин мазактаган» пост жарыялаган. Тергөө «Раса, улут, дин жана аймак аралык ажырымды козутуу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Соттук эксперттин 27-майдагы бүтүмүндө В.Е. аттуу жарандын жазганы белгилүү бир улутка карата негативдүү жана мазактоочу мүнөзгө ээ экени, кыргыз элин басмырлаганы, терс эмоционалдуу баа берилгени жазылган.

Сот жыйынында аял өз күнөөсүн мойнуна алып, эркинен ажыратууга байланышпаган жаза берүүнү сураган. Күнөөсүн мойнуна алганына карабай, судья анын жазганы «улут аралык жаңжалга» алып келиши мүмкүн болгон деген айып менен түрмөгө кескен.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18