09:59, 03 октября 2022, 24.kg

4-октябрда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

Эртең,4-октябрда Бишкек шаарынын айрым жерлеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эртең муздак суу саат 9.00дөн 22.00гө чейин «Северный» суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

Суу Күрөңкеев, Абдрахманов, Элебесов, Бельский көчөлөрү, Ала-Арча суусу, Жибек-Жолу проспектиси, Ж.Гвардия бульвары, ЧЧК, Саадаев көчөсү менен чектелген аймакта өчүрүлмөкчү.

Ошондой эле «Красный Строитель», «Ак-Тилек», «Көлмө», «Алтын Бешик», «Салам Алик» конуштарында дагы суу берүү токтотулат.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18