11:33, 30 сентября 2022, 24.kg

Салык кызматы жыл башынан бери 2,2 миллиард сом мүлк салыгын жыйнады

Мамлекеттик салык кызматы ушул жылдын башынан тартып жергиликтүү бюджетке 2,2 миллиард сом мүлк салыгын жыйнады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, анын ичинде транспорт каражатына 678,4 миллион сом салык чогултулган, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 109,7 миллион сомго көп.

Турак жайга (үй, батир) салыктын суммасы 97,3 миллион сомду, турак эмес жайга 692,9 миллион сомду түздү. 2021-жылга салыштырмалуу турак жайлар боюнча 13,8 миллион сомго, турак эмес жайлар 126,7 миллион сомго көп чогултулган.

Үй жанындагы, короо-жай алдындагы жана бак-чарба жер участокторуна салык боюнча түшүүлөр 186,2 миллион сомду түздү, бул өткөн жылдын көрсөткүчүнөн 24,1 миллион сомго көп.

Мындан тышкары, калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге салык боюнча 552,8 миллион сом түштү, бул 2021-жылдын ушул мезгилине караганда 30,4 миллион сомго көп.

Эске салсак, 1-сентябрда транспорт каражатына, турак-жай мүлкүнө жана үй жанындагы, короо-жай алдындагы жана бак-чарба жер участогуна салык төлөө мөөнөтү аяктаган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18